Кыргызстанда медициналык адистерди даярдоо. Сандан сапатка көңүл буруу

Кыргызстанда азыркы тапта бир топ медициналык окуу жайлар текшерилип, айрым талапка жооп бербегендер жабылууда. Медициналык окуу жайда стандарттарга жооп бере турган баардык шарттар түзүлүшү керектигин Саламаттык сактоо министри А. Бейшеналиев текшерүү учурунда айтып келет.
Ал эми Кыргызстандагы бир топ медициналык окуу жайлардан айырмаланган, материалдык, техникалык базасы заманбап техникалар менен жабдылган Эл аралык медициналык жогорку мектеби азыркы тапта 14 өлкө менен атайын келишим түзүп, окутуп жаткан учуру.
Ачылганына 20 жылга чукулдап калган Эл аралык медициналык жогорку мектепте ушул тапта 4000ден ашык келечектеги дарыгерлер билим алышат. Бул медициналык жогорку мектеп чет өлкөдөн келген студенттерге басым жасайт.
Аталган окуу жайда көбүнчө Индия, Пакистан, коңшу Өзбекстан, Казакстан, Тажикстандын жарандары билим алат.

Сталбек Ахунбаев Эл аралык Жогорку медициналык окуу жайдын ректору буларды айтты:
-Эл аралык жогорку мектеп медицинада билим берүү изилдөө жана клиникалык практиканы жүргүзүү аркылуу мыктылыкка, биринчиликке ат салышкан мекеме. Биз уюмдун баалуулуктарын жактоо менен мыктылыкка умтулабыз. Биздин иштер сапаттуу, максималдуу медициналык стандарттардын мумкүнчүлүктөрүнө ылайык аткарылат. Акыйкаттык, сапат, айкындуулук биздин уюмдун башкы баалуулуктары, — деди ректору С.Ахунбаев.
Бул окуу жайда медициналык жаңы заманбап лаборатория жайгашкан. Студенттерге жеткиликтүү мүмкүнчүлүктөрдү түзүү үчүн лабораториярда дартты аныктоо үчүн анализдердин түрлөрү жасалат. Мугалимдерге дагы ар кандай илимий иштерди жасоого шарт түзүлгөн.

Кеңешбек Жусупов, коомдук Саламаттык сактоо кафедрасынын башчысы:
-Бул жерде анализдерди сапаттуу жасоо менен бирге коомчулукка медициналык тармагына жеткиликтүү мүмкүнчүлүктөрдү да кошо түзүп беребиз. Ошол эле учурда биз лабораторияда өзүбуз дагы дарттарды аныктоо боюнча гемотологиялык жана клиникалык көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар,- деди.
Окутуу процессинде Пирогов интерактивдүү столу колдонулат. Бул табигый илимдеги сабактардын көпчүлүгүндө окутууга ылайыкташтырган уникалдуу жабдуу. Ыңгайлуу ыкмалары аркылуу бул стол аркылуу сабактарды киргизип, визуалдуу жана эсте калаарлык сабактар өтүп турат. Орустун улуу жазуучусунун атынан жасалган атайын стол бир гана ушул окуу жайда бар.

Бул жерден балдар сабак өтүп жатканда 3D форматта адамдын баардык органдарындагы ооруларын кантип аныктап жана дарт кайдан келип чыгат жана аны дарылоо жолун үйрөнүшөт.

Ал эми симмуляциялык заманбап машыгуучу жабдыктардын түрлөрү аркылуу студенттер адамдын дене мүчөлөрүн тажрыйбалык жолдо жүзөгө ашырууга жардам берет. Тагыраагы ийне саюудан баштап, кан басымды текшерүү, гипс коюу жана ар кандай операцияларды жасоо сыяктуу медициналык процедураларды үйрөнүшөт. Мындай борборлор ар бир медициналык окуу жайда болушу керек. Мындай борбор медициналык окуу жайлардын ичинен бир гана Эл аралык медициналык мектепте гана бар.

Бейтаптардын кызыкчылыгын коргоо менен далилдүү медицинаны тажрыйбалоодо кесипкөйлүктү көрсөтүүчү иш билги дарыгерлерди даярдоо аракетинде. Ошол эле учурда жергиликтүү да, дүйнөлүк да коомчулуктун талаптарына кызмат кылат.



