Коом

Араванда 500гө жакын үй-бүлөгө акысыз көмүр жана азык-түлүк таратылды

Араванда 500гө жакын үй бүлөгө акысыз көмүр жана азык-түлүк берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн калктын аярлуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүү тапшырмасынын негизинде облус аймагында иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Анын алкагында Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтү тарабынан аз камсыз болгон 480 үй бүлөгө акысыз көмүр жана азык-түлүк берилди.

Белгилей кетсек, Алля Анаров айыл өкмөтүндө аз камсыз болгон үй бүлөлөргө буга чейин да социалдык жардамдар көрсөтүлүп келген. Ошондой эле калктын аярлуу катмары үчүн акысыз азык-түлүк алуучу социалдык дүкөн ачылып, иштеп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button