Бек Борбиев Райым Матраимов экөөнүн достугу тууралуу коомчулукка жооп берди

Кыргыз Республиканын эл артисти Бек Борбиев эки күндөн бери социалдык тармактарда Райым Матраимов экөөнүн достугу тууралуу пикирлерге Фейсбук баракчасы аркылуу жооп берди.
Бек мырзанын пикири өзгөртүүсүз берилди:
“Урматтуу калайык!
“Жаратман долбоорунда Райым Матраимов жөнүндө берилген суроого жообум, эки күндөн бери соцтармакта талкууда. Унчукпай койсом дедим эле, бирок кээ бир “калемгерлер” аша чаап кетиптир. Райымды досу кыйын кезде таштай качыптыр деген таризде. Баарыбызга Кудай бар, Райымга эң кыйын кезде мен соцтармакта керек болсо жалгыз тургам акырына чейин. Ошондо да бүгүнкүдөй мени тытып жегендер дал көбүнесе ушул эле адамдар эле. Маекти маани берип окуп чыккандар аз экен, сүйлөмдүн башын угуп аягына чыкпай эле жыйынтык чыгарган. Аттиң, арабызда ушунчалык жапыз ой жүгүрткөн, ичи таар, көрө албастар көп экени өкүндурөт. Мен ал жоопто айтып жатам: корупционер эмес деп какшап журүп, мойнуна алган соң соцтармактардан колдоомду токтоттум деп. Эмне жок андай эмес деп уланта бериш керек беле? Логикага таптакыр жатпайт го.. Жок, керек болсо өзүнө айткам, мага кыйын болуп калды, эми унчуга албас болдум. Бул сөзүмө ал жооп бергени эсимде, бул жерде жалгыз менин эле эмес башка да көп адамдардын тагдыры турган үчүн ушундай кылдым деп. Ооба Райым мырза көп меценаттык кылып жардам бергендери көп, санап бүтпөйсүн. Бирок туугандар мыйзам баарынан улук. Чыгармачыл адамдар калыстыктан кайтпашыбыз керек, тарых кечирбейт. Албетте ошондон кийин Райым мага капа деле болгонун көрбөдүм, туура эле түшүнгөн, ага чейинки колдоомо ыраазычылык айтып, жигитче турдуң, далай жаман сөз уктуң, эми ал колдоонун кажети жок деп. Анткени баарыбыз билебиз жакшы санаалаш адамдарды кыргыздар дос дейбиз, а достун досу да болот. Райымдын жакын досторунун катарына мен кирген эмесмин эч качан, аны баардык жакындары билет. Андыктан менин ага жардамым соц тармакта бутту. Кийин деле мурдакыдай учурашып эле жүрдүк, ырдашып, той топурларда көрүшүп, балким дагы деле ошондой аралыкта достордон болуп калабыз же таптакыр үзүлөбуз, же мурдакыдан да жылып кетебиз.. Бирок, ал уже жеке Райым экөөбүздун мамиле болот да, ага фбда күйүп бышып аткандарга жол болсун. Же силерден сурап алып анан мамиле куруш керекпи
Ооба Райымды эң кыйын кезинде мен колдогом, жанында болгом, аны танбайм. Алатоо аянтына эл сүрөтүн көтөрүп камалсын деп турганда да тургам тынбай пост жазып. Эми азыр Райым мамлекет менен чечишип алган кези, мага окшогон досторунун колдоосуна муктаж деле эмес
Менин кечээтен бери күйгөнүм, ошондо бир оозун ачып Райымга жакшы сөз айталбаган жакын сөөрөйлөру мага чалып капа болушканы. Эгер түшүнбөй атсаңар, жетпей атса “жаратманды” дагы угуп чыккыла. Мен ал жерде бир дагы жаңы же ашыкча сөз айткан эмесмин, баардыгы болгон же мурда айтылган сөздөр
P. S. Мен Кыргызстанды 20 жашымдан баштап тынбай аралап келем, быйыл 55 жаштамын. Акыйкат учун айтсам Райымдай жигиттерди санасаң эки манжаң толбойт. Эркек, ыр жандуу, кучтуу психолог…
Бирок мыйзам бийик, мамлекет бирөө.
Татыктуу арылсын көйгөйлөрүнөн
Баарыңарга аманчылык бурадарлар
Баса, Бектин ыры жакшы, өзү мындай дегендерге. Ийри таяктан түз көлөкө тушпөйт, кааласаңар көрөнгөлөшуп сүйлөшуп көргулө, же менин жакындарымдан сураштырып алгыла. Мен түз, калыс, таза жүргөнгө аракет кылам. Ооба тоолук кыялым бар, аны тизгиндеп жүрөм буйруса. Билбей бирөөнү жамандаш, Алланын алдында чоң күнөө, кайыр”, — деп жазды ырчы мырза.



