Спорт

Парижде Паралимпиада башталды. Кыргызстандык спортчулар параддан өттү

Франциянын борбор калаасы Париж шаарында Паралимпиада оюндары салтанаттуу башталып, Кыргызстандан барган спортчулар параддан өтүштү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар иши министрлиги билдирди.

Эскерте кетсек, Кыргызстандан быйыл оюндарга Гүлназ Жүзбаева (жеңил атлетика), Айтунук Жоомарт кызы (триатлон), Маматибраим Суранов (дзюдо), Миргүл Болоталиева (пауэрлифтинг) катышат. Парадда желекти Кыргызстандын Паралимпиада курама командасынын капитаны Маматибраим Суранов көтөрүп басты.

Ал эми жалпы жонунан 182 мамлекеттен 4 400 киши спорттун 22 түрү боюнча күч сынашмакчы. Жалпысынан медалдын 549 комплекти ойнотулуп, спорттук иш-чара 8-сентябрга чейин уланат.

Елисей талааларын бойлой басып өткөн паралимпиадачыларды 65 миңдин тегерегиндеги көрүүчү тосуп алды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button