Коом

А.Бакетаев Дүйнөлүк банк менен актуалдуу долбоорлоду каржылоо келишимдерин талкуулады — ФОТО

КР Финансы министри А.Бакетаев Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Т.Проскурякова менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Министр Дүйнөлүк банкка Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип,  ирригацияны жакшыртуу долбоорлору, Кыргызстандын кайра жаралуучу энергия булактары – 1 фазасы жана Камбар-Ата ГЭС-1 долбоору боюнча жаңы каржылоо келишимдерин талкуулады.

Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорунун максаты — Кыргыз Республикасындагы электр энергия системаларын чыңдоо аркылуу гидроэлектроэнергетиканы өндүрүүнү көбөйтүү жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын интеграциялоону камсыздоо (долбоордун суммасы – 80,2 млн АКШ доллары). Айта кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 5 млн АКШ долларына бааланган Камбар-Ата ГЭС-1 үчүн техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭН) даярдоо долбоорун ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган.

А.Бакетаев баса белгилегендей, учурда өлкөдө жаңы суу сактагычтарды куруу, чарба каналдарын тазалоо, бетондоо, механизациялаштыруу, чарбалык ирригациялык системаларды реабилитациялоо жана калыбына келтирүү пландалууда.

Белгилей кетсек, 2024-жылы бүткүл республика боюнча ирригацияны жакшыртууга жана суу чарба объекттерин курууга көңүл бурулат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button