Коом

Кыргызстанда ар бир үчүнчү жаран өтө жакыр жашайт. Статистика

Кыргызстанда ар бир үчүнчү адам кедейчиликтин чегинен төмөн жашайт. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинин 2022-жылга карата чыгарган отчетунда камтылган.

Ага ылайык, өлкөдө 2 миллион 244,3 миң адам өтө жакыр жашап жатканы аныкталган. Бул жалпы калктын 33,3 пайызын түзөт. Мындай категорияга кирген адамдардын саны 2021-жылы 1 миллион 678,3 миңди түзгөн. Статистика өтө кедей жашагандардын катары бир жылда эле 566 миң кыргызстандык менен толукталганын көрсөтүүдө.

2022-жылдын соңунда бир айлык жашоо минимуму адам башына 7 178 сомго жеткен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button