Коом
Министрлер кабинети депутаттардын дарыгерлерди кемсинткендер үчүн жоопкерчиликти күчөтүү демилгесин колдоду

Эдил Байсалов жакында эле Республикалык ооруканада дарыгерге болгон кол салуу көпчүлүктүн нааразычылыгын жаратканын айтты. Ал медицина кызматкерлерин тейлөөчү персонал катары кабыл алууну токтотуп, дарыгердин социалдык жогорку статусун калыбына келтирүү керектигин кошумчалады.
“Элибиз ак халатчандардын эмгегин жогору баалап, айрым наадандардын аларды шылдыңдап, кол көтөрүшүнө жол бербейт», — деп жазды ал соцтармактагы баракчасына.



