Коом
Тоң районунда чет элдик жумушчулар арасында түшүндүрүү иштери жүрдү

Тоң районунда милиция кызматкерлери аймакта эмгектенген чет элдик жарандарга мыйзамдуулукту жана экологиялык жоопкерчиликти сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактоо жана коомдук жайларда өзүн туура алып жүрүү талаптары эскертилди.
Ошондой эле жергиликтүү калк менен сый мамиледе болуунун жана укуктук маданиятты жогорулатуунун мааниси белгиленип, жаратылыш байлыктарын коргоо, айлана-чөйрөгө зыян келтирбөө жана экологиялык нормаларды сактоо керектиги түшүндүрүлдү.
Мындай профилактикалык чаралар аймактагы коомдук коопсуздукту чыңдоого жана укук бузуулардын алдын алууга багытталган.



