Коом
Былтыр 13 миңден ашык адам үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан
2023-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын саны 13 миңден ашкан. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
«2023-жылдын жыйынтыгы боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын саны 13 104 адамды түзгөн. Алардын ичинен 95 пайызы аялдар», — деп жазылат кабарда.
Республикада үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга жана кыздарга жардам көрсөтүү боюнча 18 кризистик борбор иштейт. Министрлик жыл сайын аларга мамлекеттик социалдык буйрутманын алкагында колдоо көрсөтүп келери айтылды.



