Дүйнө

Пекинге «согуш учурунун» режими киргизиле баштады

Пекиндин Фэнтай районунун башчысы Чу Цзюньвэй, жергиликтүү «Синьфади» базарында коронавирус чыгып жайыла баштаганына байланыштуу, согуш мезгилинин режими киргизиле тургандыгы туурасында жарыя кылды. Адегенде катуу чектөөлөр базардын тегерегиндеги эл жашаган 11 комплекске киргизилет, деп маалымдады РБК, жергиликтүү прессанын маалыматтарына таянып. Бул тууралуу 13-июнда Лента.Ру билдирди.

Бул комплекстерде жашагандар үйлөрүнөн чыкканга акылары жок жана изоляция режимин сактоого милдеттүү. Жаңы эле окуу башташкан башталгыч мектептердин үчөө жана үч бала бакчада сабактар токтоду, а калгандары кайрадан иш баштоону токтотушат.

Базарга келген 517 кишинин 45инен коронавируска алынган анализдин тестти оң найтыйжа бергендигине байланыштуу, 3-июнда, ишембиде «Синьфади» жабылды.

Лосось балыгын кескен тактайдын үстүнөн вирус табылган, деп билдирди базар башчысы. Вирус жуккан балык Цзиншэндин жабык базарынан келген, аякта буга чейин инфекция тарай турган очок табылган. Пекинде акыркы эки айдын ичинде биринчи жолу бир нече адам ооруп калганына байланыштуу текшерүү башталган. Базардын кызматкерлерин тестирлөө уланып жатат. Ошондой эле эпидемиологиялык кызматтын кызматкерлери райондун территориясын  дезинфекциялай башташты

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button