Коом

Ысык-Көлдө синтетикалык баңги затын сатып жүргөн жаран кармалды

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ысык-Көл ОИИБдин баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан синтетикалык баңги затын таратууга шектелип, Ананьево айылынын тургуну кармалды.


Январь айында Ысык-Көл ОИИБдин БЗМЖКККнын ыкчам кызматкерлерине Ысык-Көл районунун аймагында белгисиз адам мыйзамсыз түрдө баңги затын сактап жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.


Аталган маалымат облустук милициянын КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Жакында, жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан баңги затын мыйзамсыз сактоого шектелип жаткан жарандын өздүгүн аныктоого жетише алышкан. Шектүү жаран болуп, Ананьево айылынын 20 жаштагы С.А. аттуу тургуну болуп чыкты жана ага карата өздүк тинтүү иш-чараларын жүргүзүү учурунда, анын кийиминен 31 даана кичи баштыкчаларга салынган белгисиз зат табылган. Ошондой эле, кармалган жарандын көрсөтмөсү боюнча, кийин сатуу максатында ушундай эле заттын дагы 16 баштыкчалардын катып койгон жерлери аныкталган.


Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгы боюнча алынган заттар синтетикалык «Альфа РВР» түрүндөгү баңгизаты экени жана анын жалпы салмагы 58 граммдан ашык түзгөндүгү аныкталды.
Алдын ала маалыматтарга караганда, кылмышка шектүү жаран баңги затын мессенджер аркылуу алып, жашыруун жайларга жайгаштырган, кийин баңги заттарын колдонгон адамдар акчаларын которгондо, катылган жерлерди мессенджер аркылуу көрсөтүп берген. Интернет булактар аркылуу сатылган баңгизаттын болжолдуу баасы эки жүз миң сомдон ашкан.
Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен шектүүгө карата тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button