ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросу: келишимдерге кылдаттык менен мамиле кылуу бизнестин ишенимдүү жана коопсуз жүргүзүлүшүн камсыз кылат

ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросу акыркы мезгилде эл аралык каржылык алдамчылык көбөйүп, Кыргыз Республикасынын жарандары чет өлкөдөн келген кылмышкерлердин курмандыгы болуп жатканын билдирет.
Кылмышкерлер психологиялык манипуляция жолу менен биргелешип бизнес жүргүзүү шылтоосу менен чоң кирешени убада кылып, каржы булактарын азгырып, кыргызстандыктарды чет өлкөдө жайгашкан банктык эсептерге акча которууга мажбурлашууда. Алар жок компанияларды же банктык мекемелерди пайдаланып, операция мыйзамдуу деген ойду жаратышы мүмкүн.
Мындай кылмышкерлерди кармоо жана экстрадициялоо көп учурда, айрыкча алар чет өлкөлүк юрисдикцияларда болгон учурларда белгилүү бир кыйынчылыктарды жаратат. Бул көптөгөн мамлекеттердин мыйзамдары өз жарандарын чет өлкөдө сот жообуна тартуу үчүн экстрадициялоого жол бербегендигине, ошондой эле бул өлкөлөрдүн ортосунда мыйзамдык базанын жоктугуна байланыштуу.
Берилген маалыматтардын негизинде кандайдыр бир бүтүмдөрдү (сделка) жасоодо жогорку деңгээлде сак болуу сунушталат. Айрыкча, эгерде бул чет өлкөлүк бүтүмдөргө же башка өлкөлөрдүн жарандары менен болгон ишкер мамилелерге байланыштуу болсо, келишимдердин шарттарын кылдаттык менен изилдөө, сунуштардын юридикалык негиздүүлүгүн текшерүү жана деталдарга көңүл буруу маанилүү.
Бул контрагенттердин ак ниетсиз аракеттеринен улам келип чыккан алдамчылык же башка көйгөйлөр менен байланышкан мүмкүн болуучу терс кесепеттерден жана тобокелдиктерден качууга жардам берет.
Бүтүмдөргө (сделка) кылдаттык менен мамиле кылуу бизнестин же каржылык операциялардын ишенимдүү жана коопсуз жүргүзүлүшүн камсыз кылат.
Эгерде сиздин укугуңуз бузулса, дароо укук коргоо органдарына кайрылыңыз!



