Коом
Акылбек Жапаров:Бүгүнкү күндө билим берүү системасы минималдуу талаптарга жооп бербейт

Өкмөт башчы кыска убакыттын ичинде мектептердин окуу программаларын толук ыңгайлаштыруу боюнча планды иштеп чыгуу тапшырмасын берди.
“Бизге билим берүү тармагында кардиналдуу өзгөрүүлөр керек. Окуучулардын потенциалын толук ачууга милдеттүүбүз. Алардын ар бирине кудай талант берген. Андыктан өзүн-өзү өнүктүрүп, өсүүсү үчүн бардык ресурстарды берүү зарыл”, — деди ал Билим берүү министрлигинин коллегиясында.



