Коом

Жээнбек Кулубаев Гананын президенти менен жолукту

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Гананын президенти Жон Драмани Махама менен жолугушуусу болуп өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, анда тышкы иштер министри Гананын президентине президент Садыр Жапаровдун жылуу саламын жана эң жакшы каалоо-тилектерин жеткирди.

Жээнбек Кулубаев Кыргызстан Гананы Африка континентиндеги ишенимдүү өнөктөш катары карай турганын белгилеп, толук кандуу саясий диалогду, соода-экономикалык жана инвестициялык, гуманитардык кызматташтыкты, ошондой эле аймактар аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.

Президент Жон Драмани Махама эки өлкөнүн ортосундагы диалогдун жанданышын жогору баалап, алдыдагы саясий консультациялардын маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле Кыргызстан менен соода-инвестициялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоодо өз ара сапарлардын маанисине токтолду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн демилгелерин, анын ичинде көп тараптуу аянтчаларда өз ара колдоого даяр экендиктерин ырасташты.

Тектеш кабарлар

Back to top button