Маданият

Шакиранын концертине билеттерди 22 өлкөдөн сатып алуучулар алышты

Шакиранын концертинин билеттерин сатуунун биринчи күнүнүн жыйынтыгында билеттерди 22 өлкөдөн сатып алуучулар алышты. Сатуулардын 77,32 пайызы Кыргызстанга, 22,68 пайызы башка өлкөлөргө туура келди.

Биринчи күндө жалпысынан 13 миңден ашык билет сатылды. Бул сатууга коюлган билеттердин жалпы санынын болжол менен 30 пайызын түзөт.

Чет өлкөлөрдөгү сатуулардын ичинен Казакстан алдыда:

• Казакстан — 80,01 пайыз;
• Россия — 13,08 пайыз;
• Өзбекстан — 3,8 пайыз;
• калган 18 өлкө — 3,1 пайыз.

Сатуулардын жалпы көлөмүндө Казакстандын үлүшү 18,15 пайызды, Россияныкы — 2,97 пайызды, Өзбекстандыкы — 0,86 пайызды түздү. Билеттерди АКШ, БАЭ, Тажикстан, Түркия, Германия, Кытай, Улуу Британия жана башка өлкөлөрдүн жарандары да сатып алышты.

Шакиранын концертине арналган бардык Skybox толугу менен сатылып бүттү. Ошондой эле VIP жана VVIP категорияларындагы билеттердин бир бөлүгү сатылды.

Калган VIP жана VVIP категорияларындагы билеттерди офлайн гана сатып алууга болот.

Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев эл аралык концерттерди өткөрүү окуялык туризмди өнүктүрүүгө, чет өлкөлүк конокторду тартууга жана Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги таанымалдуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

«Биз адамдардын Кыргызстанга келип, өз көзү менен заманбап, тынч, коопсуз жана меймандос өлкөнү, анын уникалдуу жаратылышын, бай маданиятын жана саякат үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрүн көрүшүн каалайбыз. Өлкө менен жеке таанышуу ал тууралуу эски түшүнүктөрдү ар кандай жарнамадан да ынанымдуу түрдө өзгөртүүгө жардам берет», — деди ал.

Анын айтымында, мындай иш-чаралардын мааниси концерт өтүүчү жайдын чегинен да ашат.

Чет өлкөлүк коноктордун келиши мейманканаларга, ресторандарга жана кафелерге, такси жана башка транспорт кызматтарына, экскурсияларга, ошондой эле жергиликтүү ишкерлердин продукцияларына кошумча суроо-талап жаратат. Бул бизнес жана тейлөө тармагындагы жумуш менен камсыз кылуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

«Ошондуктан биз окуялык туризмге чоң маани беребиз. Сүйүктүү артисттин концерти Кыргызстанга келүүгө алгачкы себеп болушу мүмкүн, ал эми өлкөдөн алган таасирлер коноктордун бул жерде узагыраак калып, кайрадан келишине себеп болот», — деп баса белгиледи Каныбек Туманбаев.

Тектеш кабарлар

Back to top button