Маданият

«Бишкек Арена» ачылышында Redfoo жана Party Rock Crew концерттин хедлайнерлери болушат

Redfoo жана Party Rock Crew тобу Бишкекте 5-октябрда өтө турган «Бишкек Арена» спорттук-оюн-зоок комплексинин ачылыш аземиндеги концерттин хедлайнерлери болушат. Бул тууралуу спорттук-оюн-зоок объектисинин дирекциясынын басма сөз кызматы билдирди.

Redfoo — америкалык ырчы, рэпер, диджей жана бийчи. Ал дүйнөгө «Party Rock Anthem» хит ыры менен таанылган атактуу электрондук-поп дуэти LMFAOнун мурдагы мүчөсү.

Белгилей кетсек, Бишкек Аренанын ачылыш аземи 5- октябрда өтөт. Борбор калаада шаар тургундары жана коноктору үчүн атайын шатл автобустар уюштурулат.

Тектеш кабарлар

Back to top button