Коом

Жалал-Абад милициясы издеп жаткан келин үч баласы менен Бишкектен табылды

Буга чейин милиция тарабынан изделип жаткан Базар-Коргон районунун тургуну үч баласы менен Бишкектен табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 28-февралында облустук милиция тарабынан Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагынын тургуну 36 жаштагы Наргиза 3 баласы менен (эки кыз, бир уул) үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат таратылган.

Маалымат ЖМКларга жана социалдык тармактарга тараган соң келин өзү байланышка чыккан. Ал үйүнөн жумуш издөө үчүн эч кимге айтпастан чыгып кеткендигин билдирген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button