Коом
Сүлүктүдө 14 жаштагы кызды зордуктоого шектелген киши кармалды

Жабырлануучунун айтымында, шектүү аны «Жигули» унаасы менен тоо тарапка алып барып, үч жолу зордуктаган. Өспүрүм соцтармактагы баракчасында киши аны сабаганын, муунтканын билдирген.
Милиция окуя 14-январга караган түнү болгонун, “Зордуктоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдады. Кылмышка шектүү делип Сүлүктү шаарынын 31 жаштагы тургуну кармалган.



