Коом

Кыргызстанда 266 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок

2024-жылдын башына карата Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүндө 266 бала туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок деп каттоого алынган. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 2023-жылдын башында туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдардын саны 445 адамды түзгөн. Быйыл бул сан 40,2 пайызга азайган.

Балдардын документтеринин жок жүрүшүнүн негизги себептери:

ата-энесинин өздүгүн тастыктоочу документтеринин жоктугу;

балдардын үй шартында төрөлүшү;

ата-энелердин туруктуу каттоосунун жоктугу.

Министрлик ата-энелерди жоопкерчиликтүү болууга чакырып, аймактык бөлүмдөр балага документ алууга жардам бере турганын эскертти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button