Коом
Кара-Балтадагы атышуунун айрым жагдайлары белгилүү болду

Укук коргоо органдарындагы булактар Чүйдөгү Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын 3 кызматкерин кармоо операциясы болмоктугун билдирди.
Алар качып баратканда дөңгөлөккө атышкан, анан унаасын таштап из жашырып кетишкен.
Маалыматка ылайык, милиционерлер пара алып жаткан учурда колго түшүрүлмөк. Азырынча расмий маалымат жок.



