Коом

Министр: Кыргызстанда электр энергиясына күндүзгү жана түнкү тариф киргизилиши мүмкүн

Бул туурасында энергетика министри Таалайбек Ибраев парламентте билдирди. 

 “Биз жаңы эсептегичтерди койгондон кийин түнкү жана күндүзгү тариф киргизүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Биз муну биринчи кезекте карап жатабыз. Түнү жана дем алыш күндөрү электр энергиясына такыр башкача баа болот. Кудай буюрса, майда тарифтик саясатты өзгөртөбүз”, — деди министр. 

Депутат Элдар Сулайманов өлкөгө мындай практика керектигин айтты. Анын баамында, түнү калк үчүн жарыктын баасы күндүзгүдөн арзан болот. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button