Коом

Бүгүн түнкүсүн Кыргызстандын аймагында үшүк жүрүшү күтүлөт

Кыргызгидромет өлкө аймагында үшүк жүрө турганын эскертти.

Маалыматка караганда, 1-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Талас облусунун дыйканчылык аймактарында -1…-3 градуска, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-2 градуска чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына кооптуу.

Ошондой эле 31-марттан 1-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда Бишкек — Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 74-107 чакырымында, Ала-Бука-Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр автоунаа жолунун 68-74, 86-101-чакырымында (Чапчыма ашуусу), Кызыл-Бел-Ак-Таш автоунаа жолунун 0-3 чак., Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-90-чак. (Чоң-Ашуу ашуусу), кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button