Коом

Каныбек Туманбаев: Жалал-Абад боюнча алты жерде ипотекалык үйлөр курулууда

Жалал-Абад боюнча 6 жерде ипотекалык үйлөр курулууда, жалпы 2 миң 744 батир. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, бүгүнкү күндө курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

«Тааныш-билишти салып эч ким алдыңкы кезекке тура албайт, колунда барларга 3,4төн үй алганга жол бербейбиз. Президенттин тапшырмасы менен ипотекалык үйлөр буюрса чыныгы муктаждарга берилет», — деди ал.

Туманбаев мамлекет башчысынын демилгеси менен Бишкекте эле эмес, бардык аймактарда ипотекалык үйлөрдү куруу баштала тургандыгын кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button