Жер тилкесин жасалма документ менен мыйзамсыз берген факты аныкталды

ИИМдин КИББдин кызматкерлери жасалма документтер аркылуу жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактыларын аныкташты.
Жер тилкелери салым (инвестиция) жагынан алып келгенде, дайыма ишенимдүү жана кирешелүү объект болуп келген жана болуп кала берет. Албетте, жер тилкелери менен болгон келишимдер ар кандай алдамчыларды жана ушуга окшогондорду өзүнө тартып турат. Ошондой эле, мамлекеттик органдардын кызматкерлери дагы жер тилкелерин жасалмалоо жана кыянаттык менен пайдалануу жолу менен мыйзамсыз берген учурлар да аныкталууда.
Ички иштер министрлиги жасалма документтер аркылуу жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтеп жатат.
2020-жылы Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан жер тилкелерине болгон укук берүүчү документтер жасалмаланган. Мындай схеманын түпкү максаты жер тилкелерине болгон менчик укугун алуу гана эмес, аларды сатуудан пайда алуу болгон.
Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында, Чүй облусу менен Бишкек шаарынын кесилишинде жайгашкан жер тилкеси айыл өкмөтүнүн жасалма чечиминин негизинде айрым адамдарга сатылып кеткен. Кийин, 2023-жылы жалган чечимдин негизинде Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу адамдары тарабынан каттоо жүргүзүлгөн-жер тилкесин менчикке берүү жана каттоо укуктары жөнүндө чечим чыгарылган. Көрсөтүлгөн аракеттердин натыйжасында жабырлануучуларга олуттуу зыян келтирилген.
Топтолгон документтердин негизинде ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (Документтерди жасалмалоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Иш жүзүндө жер тилкеси Бишкек шаарынын мэриясына таандык. 2007-жылы Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясынын токтому менен аталган жер тилкеси борбор калаанын башка жашоочусуна берилген.
Тергөөнүн алкагында Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жана Сокулук районунун тургуну кылмыш ишинин фигуранттары катары кармалып, тергөө кызматына жеткирилди. Экөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Соттун чечими менен аталган жарандарга карата бөгөт чарасы катары камакка алуу түрү тандалды.
Тергөө иштери жүрүп жатат. Бул фактыга башка жарандардын тиешеси бар экендиги текшерилет.



