Саясат

Нурлан Шакиев Монголияга расмий сапар менен барды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Монголияга расмий сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Төраганы Улан-Батор шаарындагы «Чыңгыз хан» аба майданынан Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын (парламентинин) төрагасынын орун басары Лхагва Мунхбаатар тосуп алды. Андан соң расмий делегация Монголиянын Мамлекеттик сарайына бет алды.

Ал жерде Монголиянын парламентинин төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен жолугуу болот.

Эскерте кетсек, Нурланбек Шакиевди депутаттар Улан Бакасов, Надира Нарматова, Чыңгыз Ажибаев, Эрулан Кокулов, Айсаракан Абдибаева, Нурбек Алимбеков, Мейкинбек Абдалиев, Чингиз Айдарбеков, Алишер Козуев коштоп жүрөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button