
Жалал-Абад облустук милициясы окуя бүгүн, 2-май күнү саат 14:00дөр чамасында Катмы жайлоосунда болгонун билдирди. Алгач 102ге кабар берген милиционер балдарга бекер балмуздак таратууга келген 48 жаштагы киши унаасын өчүрбөстөн түшүп кеткенин айткан.
“Айдоочу көрсөтмөсүндө Porter унаасынан түшүп, Жерге-Тал айылдык мектебинин директорунан балмуздакты кайсы жакка жеткирүү керек экенин сурап телефон чалып жатканда машинасы ылдыйга түшүп кеткенин, артынан токтотконго жетишпей калганын айтты”, — деди милиция.
“Урааным Манас” иш-чарасына 3 миң окуучу катышканы белгилүү болгон.
Окуядан кийин жалпы 31 окуучу ооруканага кайрылып, 18и жаткырылган. Анын ичинен сынган жаракаттары бар төрт бала оор абалда реанимацияда. Калганы амбулатордук жардам алышкан.



