
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат:
1. Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-мартындагы №88 “Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн.



