«Манас ордо» комплексин реконструкциялоо иштеринин 85 пайызы аткарылды

Талас облусундагы «Манас ордо» тарыхый-маданий комплексин реконструкциялоо иштеринин 85 пайызы аткарылды. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев курулуш иштерин текшерип барганда маалым болду.
Учурда объектиде 400дөн ашык киши иштеп жатат. Министр курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө аяктоо үчүн жумушчу топтун санын көбөйтүп, ишти күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле курулуш графигин так сактап, калган иштерди сапаттуу бүтүрүү зарылдыгын белгиледи. Комплексти Эгемендүүлүк күнүнө карата бүтүрүү мерчемделген.
Долбоордун алкагында административдик борбор, 300 орундуу конгресс-холл, улуттук стилдеги коттедждер, жайкы жана кышкы ашканалар, галерея, ошондой эле 3 500 орундуу маданий иш-чаралар өтчү борбор курулууда.
Мындан тышкары, музейдин аянты 450 чарчы метрден 1 500 чарчы метрге чейин кеңейтилди. Анда кыргыз элинин тарыхы, маданияты жана улуттук өзгөчөлүктөрү заманбап архитектуралык чечимдер менен айкалыштырылып көрсөтүлөт.
«Манас ордо» комплексинин жалпы аянты 225 гектарды түзөт. Ал акыркы 30 жылда биринчи жолу ири масштабда реконструкцияланууда.



