Коом

Кыргызстанда орточо айлык акы 53 миң 759 сомго жетти

2026-жылдын январь–июнь айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда орточо айлык эмгек акы 53 миң 759 сомго жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

2026-жылдын июнь айында 2025-жылдын июнь айына салыштырмалуу өлкөдөгү бардык экономикалык ишмердиктин түрлөрүндө иштегендердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы 27,5 пайызга өскөн.

Жылдык инфляцияны эске алганда, айлыктын реалдуу өсүшү болжол менен 16 пайызды түзөт. Мындан тышкары, бардык салыктар жана камсыздандыруу төлөмдөрү кармалгандан кийин колго тийген сумма мындан да аз болот.

Эске салсак, май айында орточо айлык акы 51 миң 888 сомду түзгөн. Расмий маалымат боюнча, бир ай ичинде өсүш 3,6 пайыз болгон.

2026-жылдын июнь айынын жыйынтыгы боюнча айлык акы эң көп өскөн тармактар:

искусство, көңүл ачуу жана эс алуу — 49,2 пайызга;

саламаттык сактоо жана калкты социалдык тейлөө — 43,7 пайызга;

билим берүү — 42 пайызга;

айыл, токой чарбасы жана балык уулоо — 36,1 пайызга;

кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик — 33,1 пайызга.

Ал эми 2026-жылдын январь–июль айларынын жыйынтыгы боюнча республикада расмий каттоодо турган жумушсуздардын саны 37,5 миң адамды түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16,8 пайызга аз.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button