Окуялар

Бишкектеги ашканадан 22 адам тамакка ууланды

Бишкектин Москва көчөсүндөгү №1 ашканадан 22 адам тамакка ууланды.

Санэпидкөзөмөл борборунан билдиришкендей, уулангандардын ичинен тогузу Токмоктогу ооруканага, 13ү Чүй бириктирилген ооруканага жаткырылды. Бейтаптардын абалы канааттандырарлык.

Бейтаптарды сурамжылоого алганда, алар 25-26-майда №1 ашканадан бризоль тамагын жегендигин айтышкан.

Окуя болгон жерге адисттер жөнөтүлүп, экспертизалар дайындалган.

Аталган ашканага 15 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган. Учурда ашкана жабык турат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button