Коом
Майлуу-Суу шаарында өзгөчө кырдаал режими жарыяланды
Учурда эл суусуз жана жарыксыз калды. Катуу сууктан улам 12-январда суу кампасындагы түтүктөр тоңуп, андан соң отканаларга суу толук келбей, жылуулук берүү дагы өзгүлтүккө учураган.
Суунун көлөмүн калыбына келтирүү үчүн коммуналдык кызматтар дарыядан суу сордуруу аракетин көрүп жатышат.



