Коом

УКМК: Кара-Суу районунда курулмалары бар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, мыйзамсыз чыгарылган мамлекеттик объекттерди, жер тилкелерин аныктоо жана менчикке кайтаруу боюнча иш-чаралардын алкагында жер тилкеси жана андагы курулмалар кайтарылды.

Тактап айтканда, 2014-жылы Кара-Суу районунун Курбан-Кара айылынын аймагында жайгашкан, мурда «Таширов атындагы өндүрүштүк үрөнчүлүк кооперативи» айыл чарба кооперативине таандык жер тилкесин жеке менчикке чыгарууга айрым кызмат адамдары көмөк көрсөткөнү аныкталган.

Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкеси курулуштары менен бирге мамлекеттин балансына кайтарылды.

Учурда тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button