
Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Сузак районунун амагында 1983-ж.т. М.Т. аттуу тургуну мыйзамсыз наркотикалык заттарын өзү колдонуп, сактап жүргөндүгү, ошондой эле мыйзамсыз ок атуучу куралы бар деген маалымат алынган.

Аталган факты 2024-жылдын 20-май күнү Сузак РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын 267-берене (Куралды ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) жана 280-берене (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин БМЖКККнын жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары Сузак районунун 1983-ж.т. М.Т. аттуу тургуну колго алынган. Анын Мундуз айылынын эгин талаасында клубника өстүргөн жеринде жашаган контейнерине тинтүү жүргүзгөн учурда 1 даана ТОЗ-8 үлгүсүндөгү сайлуү ок атуучу курал, 1 даана М38 Compact 9мм револьвер, 1 даана белгисиз маркадагы тапанча жана 1 даана жел менен атылуучу (тир) курал, фольгага оролгон жашыл түстөгү өзгөчө кескин жыты бар зат жана 3 даана баңгизат чегүү үчүн колдонулган желим идиштер алынган.
Мындан сырткары аталган жерде Мазда MPV үлгүсүндөгү автоунаасына кароо жүргүзүү учурунда бангизат каражатына окшогон фольгага оролгон өзгөчө кескин жыты бар зат алынган.
Алынган далил-буюмдарга карата тиешелүү соттук-балистикалык жана соттук-химиялык экспертизалар дайындалган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.



