Без рубрики

Жер астындагы туннел табылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында контрабандага каршы комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасын байланыштырган туннель табылган. Ошентип, 2022-жылдын 4-июнунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Чек-Ара кызматынын башкармалыгы, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көмөгү менен, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын өнөктөш кызматтары менен биргеликте Ош облусунун Кара-Суу шарына караштуу турак жайдын чарбалык корпусунун бетон тротуарында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасын жер астындагы өтмөк менен байланыштырган туннель табылган.Туннелдин тереңдиги 17,5 метр бийиктикте, туннелге кире бериш жери 1,80 метр, туурасы 70-80 см, кире бериштен (КР) чыгуусуна (РУ) 155 метрге жакын экени аныкталган.Учурда бул туннелди пайдалануу менен мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ОРМ жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. https://youtu.be/sw6b62p4zuAhttps://youtu.be/sw6b62p4zuA

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button