УКМК интимдик кызмат көрсөткөндөрдү жана сойкуканаларды уюштурган топту кармады — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, КР УКМК интимдик кызмат көрсөтүүлөрдү жана сойкуканаларды уюштуруучулардын ири тобу колго түшүрүлдү. Мындан кийин сойкулукту уюштурууга шарт түзгөн сауналардын, мейманканалардын, жеке батирлердин жана оюн-зоок жайларынын ээлери жоопкерчиликке тартылат.


КР УКМКнын маалыматына ылайык, укук коргоо органдарынын системалуу түрдө «сойкулукка» каршы күрөшүүсүнүн натыйжасында, коомубуздагы буга окшогон терс көрүнүштөр азайтылды. Бирок, алардын ишмердүүлүгү сауналардын, мейманканалардын, жеке батирлердин жана жеке оюн-зоок мекемелеринин ээлеринин кызыкчылыгы аркылуу уланып келүүдө.


Алсак, 2025-жылдын 21-июнунда КР КЖК 160-беренесинин 1-бөлүгү менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, Бишкек шаарынын аймагында мурда аныкталган сауналарда, конок үйлөрүндө, жеке менчик батирлерде ири өлчөмдөгү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында 50дөн ашык кыздардын интимдик кызмат көрсөткөндүгү аныкталган. Тергөө маалында кармалган кыздардын баары интимдик кызматтарды жана сойкуканаларды уюштургандарга карата көрсөтмөлөрдү беришкен.


Натыйжада, интимдик кызматтын жана сойкуканалардын уюштуруучулары кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, алар:
1987-ж.т. «К.А.А.» КР жараны, социалдык тармактар аркылуу элиталык интимдик кызмат көрсөтүүлөрдүн уюштуруучусу;
1975-ж.т. «М.Э.М.» КР жараны, «Инь Янь», «Банный двор», «Кристалл» сауналарынын жана «Рандеву» конок үйүнүн кожоюну;
1995-ж.т. «П.Л.Е.» КР жараны, «Инь Янь» саунасынын администратору;
1990-ж.т. «К.Н.В.» чет өлкөнүн жараны, «Guest House» саунасынын администратору;
Интимдик кызмат көрсөткөн кыздарга карата административдик айыптар салынып, Бишкек ШИИБнин тиешелүү каттоо тизмесине алынды.


Мындан ары КР УКМК Бишкек шаарынын аймагында интимдик кызмат көрсөтүүлөрдү жана сойкуканаларды уюштуруучулардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюуга багытталган ири иш-чараларды туруктуу негизде өткөрөт, ага байланыштуу сойкулукту уюштурууга шарт түзгөн жана көмөктөшкөн сауналардын, мейманканалардын, жеке батирлердин жана жеке оюн-зоок жайларынын ээлери кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.



