Коом

Бүтүрүүчүлөр үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация 15-июнга чейин жүргүзүлөт

Билим берүү жана илим министрлиги бардык түрдөгү жалпы билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация 3-июндан 15-июнга чейин жүргүзүлө тургандыгын маалымдайт.Тагыраагы, жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация окутуу кыргыз, орус, ɵзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын 9-11-классынын бүтүрүүчүлөрү үчүн 4 предмет боюнча жүргүзүлөт.

9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн:— алгебрадан (жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 3-июнда;— эне тилинен (дилбаяндын элементтерин камтыган баяндама) – 7-июнда;— кыргыз тилинен (орус, өзбек жана тажик тилинде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 11-июнда;— Кыргызстандын тарыхынан (оозеки) – 14-июнда.

11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн:— эне тили жана адабиятынан (эссе) – 3-июнда;— математикадан (жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 7-июнда;— Кыргызстандын тарыхынан (оозеки) – 11-июнда;— кыргыз тилинен (орус, өзбек жана тажик тилдеринде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 14-июнда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button