Коом
Акылбек Жапаров Кытайдын элчисине Сары-Жаз дарыясына алты ГЭС куруу пландалып жаткан жерди тик учак менен көргөздү

Сары-Жаз суусуна 1100 мегаватт кубаттуулуктагы алты ГЭС куруу планы 1982-1987-жылдары иштелип чыккан. Бирок ушул кезге чейин жүзөгө ашырылган эмес.
Буга чейин министрлер кабинети аталган аймакка алты ГЭСтин каскадын Кытай менен биргеликте куруу пландалып жатканын маалымдаган. Жакынкы күндөрү Акылбек Жапаров Кытайга иш сапарынын алкагында Сары-Жаз суусуна курула турган ГЭСтер боюнча кытайлык инвесторлор менен сүйлөшүү жүргүзөрү айтылды.



