Балыкчы шаарынан эки автоунааны уурдаган жаран кармалды, бирөө издөөдө — ФОТО

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында унаа уурдоого байланыштуу бир катар кылмыштардын бети ачылды.
Алардын бири 20-августтан 21-августка караган түнү орун алган. Белгисиз жарандар 25 жаштагы жергиликтүү тургундун короосуна киришип, ага тиешелүү болгон «ВАЗ-2109» үлгүсүндөгү автоунаасын айдап качып кетишкен. Көп өтпөй, Балыкчы шаарынын 28 жаштагы тургунуна таандык «БМВ» үлгүсүндөгү автоунааны да, белгисиз жарандар уурдап кетишкен. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.
Эки факты тең Балыкчы ШИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) менен кылмыш иштери козголгон.
Балыкчы шаарынын милиционерлери бир нече күн бою кылмышкерлерди издөө жана кармоо боюнча активдүү иш-аракеттерди жүргүзүштү. Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, Чолпон-Ата шаарынан шектүү жаран изделип табылып, колго түшүрүлдү. Кармалган шектүү жаран мурда бир нече жолу соттолгон Талас облусунун тургуну 44 жаштагы М.С. болуп чыкты. Далил зат катары уурдалган автоунаалар алынды.
Алдын ала суракта кармалган шектүү жаран жасаган кылмыштары боюнча күнөөсүн мойнуна алган көрсөтмөнү берди. Ошондой эле, кармалган шектүү жаран 31 жаштагы С.В. аттуу шериги менен автоунааларды айдап качкандыгы аныкталган. Балыкчы ШИИБ тарабынан автоунааларды айдап качууга шектелип, экинчи шектүү жаран издөөгө жарыяланган.
Соттун чечими менен кармалган шектүү жаранга карата тергөө амалдарын жүргүзүү мезгилинде 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып алынды.
Учурда, Балыкчы ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан шектүүлөрдүн башка ушундай эле кылмыштарга тиешеси бар, же жогун текшерүүдө. Анткени, тергөөнүн жүрүшүндө республиканын башка региондорунан уурдалган деп болжолдонгон кошумча 3 автоунаа табылып алынган.
Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмү жарандардан, аталган шектүүлөрдүн мыйзамсыз аракеттеринен жабыркагандарды, ошондой эле издөөдө жүргөн С.Внын кайда жүргөнүн билгендерди шаардык милиция бөлүмүнө кайрылууну же 03944-3-27-01, 0509-24-24-44, «102» телефондоруна чалууну өтүнөт.








