Коом
Таластагы Казахстан менен чектеш аймагындагы жер мамлекетке кайтарылды

КР УКМК тарабынан мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу маалыматты УКМКнын басма сөз катчысы билдирди.
Маалыматка ылайык, териштирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чараларынын алкагында Талас облусунун Казакстан мамлекети менен чектеш аймагында стратегиялык мааниге ээ болгон 4 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.



