Токтогул милициясы адам өлтүрүүгө шектүү жаранды кармады

2024-жылдын 02-июнь күнү саат 11:00 чамасында, Токтогул РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө “Азамат” аттуу жаран, Токтогул шаарынын көчөлөрүнүн биринде жашы 40-45 жаштагы азият улутундагы эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгын кабарлаган.
Бул маалымат Токтогул РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, алдын ала териштирүү иштери башталган.
Окуя болгон жерге Токтогул РИИБдин жетекчилиги жана ыкчам-тергөө тобу, райондук прокуратурасынын жетекчилиги биргеликте барып, тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүү учурунда, Токтогул шаарынын көчөлөрүнүн биринде жыгач кашаа менен короолонгон жер аянтында Токтогул районунун 1979-ж.т. Р.С. аттуу тургуну бет тарабында жаракаттары бар абалда, жансыз денеси табылган.
Бул окуя боюнча топтолгон материал Токтогул РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден солукка оор залал келтирүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Каза болгон жарандын өлүмүнүн келип чыгуу себептерин аныктоо максатында, кошумча соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
Аталган кылмыштын бетин ачуу максатында Токтогул РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Токтогул районунун 1977-ж.т тургуну Э.у.Н. кармалып, эки айга камакка алынган.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.



