Коом

Дипфейк – шантаждын жаңы куралы. Видео

Жасалма интеллект пайдалуу мүмкүнчүлүктөрдү ачканы менен, аны кылмыштуу максатта колдонуу учурлары да көбөйүүдө.

2025-жылы Малайзияда бир катар саясатчыларга ЖИ аркылуу жасалган жасалма интимдик видеолордун сүрөттөрү жөнөтүлүп, аларды жарыялайбыз деп коркутуп, 100 миң АКШ долларын талап кылышкан. Өлкөнүн бийлиги бул окуяны уюшкан опузалоо катары баалап, иликтөө иштерин баштаган.

Адистердин айтымында, бүгүнкү күндө дипфейк фото жана видеолорду бир нече мүнөттө эле жасоого болот.

Мындай алдамчылыкка кабылсаңыз:

• акча которбоңуз;

• кат алышууларды сактап коюңуз;

• дароо укук коргоо органдарына кайрылыңыз;

• жакындарыңызды жана кесиптештериңизди эскертиңиз.

Мындай учурлар Кыргызстанда да катталган. Ошондуктан интернеттеги фото жана видеолорго дароо ишене бербей, маалыматты расмий булактардан тактап көрүү маанилүү.

Санарип коопсуздук – ар бирибиздин жоопкерчилигибиз.

Шантажга кабылдыңызбы? 102ге чалыңыз.

Тектеш кабарлар

Back to top button