Белгилүү түрк ашпозчусу Бурак CZN Кыргызстандагы кайрымдуулук иш чарасына катышты

Түрк элинин жана дүйнөгө белгилүү ашпозчу Бурак Оздемир кечээ “Рамазан чатырынын” уюштуруучусу Кыргызстанда тогуз жылдан бери кайрымдуулук майрамдык ифтарларды өткөрүп келе жаткан “Аль-Умма” фондунун чакыруусу менен Кыргызстанга келди.
Социалдык тармактарда 55 миллиондон ашык жазылуучусу бар белгилүү түрк ашпозчусу CZN Бурак Оздемир борбор калаадагы «Шератон» мейманканасында маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттер берген суроолорго жооп берип, иш сапарынын максаттарына токтолду.
«Мен боордош Кыргызстанга кайрымдуулук акциясына катышуу үчүн келдим, анда коноктор колдоого муктаж балдар болот. Кайрымдуулук ифтарга катышам. Мен ал жерде өзгөчө тамактарды жасайм – бул азырынча сюрприз бойдон кала берсин. Бир гана айта кетейин, палоо да четте калбайт. Бул тамакты Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө барганда даярдагам», — деди ал.
Бурак өзү республикага биринчи жолу келип жатканын, Кыргызстанга дагы көп жолу келем деп үмүттөнөрүн айтты.
«Мен көп саякаттайм, ар кайсы өлкөлөрдө болдум. Африкада, Азияда, Европада. Мен үчүн социалдык программалар — менин өмүр баянымдын маанилүү бөлүгү. Аларга 16 жашымдан бери катышып келем. Мага Кыргызстан абдан жакты. Мен бул жерде өзүмдү үйдөгүдөй сездим жана дагы көп жолу кайтып келем деп үмүттөнөм. Түркия менен Кыргызстандын окшоштуктары көп», — деп белгиледи ашпозчу.
Журналисттердин берген “эгер ашпозчу болбосоңуз, ушундай ийгиликке жетише алат белениз?” деген суроосуна Бурак мырза: “Ар бир ийгиликтин артында чоң эмгек турат, мен ашпозчу эмес, башка кесипте болсом да, сөзсүз ал кесиптин өтөөсүнө чыгып, ийгилик жаратмакмын. Ийгилик жаратуу үчүн дайыма эмгек кылуу керек” деп жооп берди.
Бурак Өздемир ар кайсы өлкөлөрдө ресторандар тармагын татып көргөн. Ал социалдык тармактарга өзүнүн кол тамгасы коюлган тамактарын жарыялоо жана көрсөтүү менен интернет жылдызына айланган. Ошол эле учурда, «алп тамактардын падышасы» дүйнө жүзү боюнча кайрымдуулук жана коомдук демилгелерди активдүү колдойт жана жардам берет.


Бишкектеги белгилүү ресторанга Бурак Оздемирдин катышуусунда “Аль-Умма” кайрымдуулук фонду “Рамазан чатыры” аттуу иш чаранын негизинде 700 адамга ооз ачыруу (ифтар) уюштурду. Бул иш чарага депутаттар, министрлер келип жылуу пикирин билдирип, атактуу ашпозчуга белектерин тапшырышты. Андан тышкары аз камсыз үй бүлөнүн балдары, майыптар да келип, белектерин алып, “Аль-Умма” журналынын башчысы Мариям Саттар айымга ушундай жакшы кече уюштуруп бергени үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.





