Коом

Жети-Өгүз районунда милиция жөнүндө балдардын көргөзмөсү өттү

Жети-Өгүз РИИБдин балдар иштери боюнча инспекциясынын демилгеси жана райондук билим берүү бөлүмүнүн колдоосу менен «Кылым карыткан кыргыз милициясы» деген ураандын алдында балдардын көргөзмөсү уюштурулду.


Көргөзмөнүн максаты — жаш өспүрүмдөрдүн арасында мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу, укуктук аң-сезимди тарбиялоо, ошондой эле ички иштер органдарындагы кызматтын кадыр-баркын көтөрүү.
Көргөзмөгө райондун мектептеринин окуучулары активдүү катышып, алар милиция кызматкеринин кызматы жөнүндө баяндаган көптөгөн түстүү сүрөттөрдү жана көргөзмөлөрдү тартуулашты. Ар бир бала өз ишин тартуулап жатып, эмне үчүн ал милицияда кызмат өтөөнү ушинтип элестетип жатканы жана азыркы милиция кандай болушу керектиги жөнүндө баяндамаларын беришти.


Иш-чаранын соңунда Жети-Өгүз РИИБдин балдар иштери боюнча инспекторлору окуучуларга алардын укуктары жана милдеттери, укук бузуулар үчүн жоопкерчилик, ошондой эле жашы жете электердин кечинде жана түнкүсүн коомдук жайларда болушуна коюлган чектөөлөр тууралуу айтып беришти.


Балдар өз кезегинде инспекторлорго милиция кызматына байланыштуу өздөрүнүн кызыккан суроолорун беришти.
Милиция кызматкерлери болсо, окуучуларга көргөзмөнүн ишине активдүү катышкандыктары үчүн ыраазычылык билдирип, алардын кол эмгектеринин оригиналдуулугун белгилешип, жаш таланттарга мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалашты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button