Кымча бел, нукура сулуу кыздардын сынагы. Ысык-Көлдө «Ак-Мөөр fest – 2024» фестивалы өтөт

Ысык-Көл облусунда «Ак-Мөөр fest – 2024» этно долбоору өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иш-чара 27-июлда Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо саат 19:00дө башталат.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты миниcтрлиги жана “Кыргыз Биримдиги” коомдук бирикмеси, Дана продакшн студиясы “Акмөөр фест – 2024” этно долбоорун тартуулайт!

Фестивалдын алкагагында “Кыргыздын кыйын 40 кызы” сыйлоо аземи.
Кыргыздын кымча бел, нукура сулуусу, акылкарачач “Ак Мөөр сулуусу 2024” сынагы.
Улуттук колориттеги кийимдерди тиккен этно-дизайнерлердин таймашы.
Чоң программадагы гала концерт менен коштолот.

«Фестивалдын алкагында «Кылымдын кыйын кыздары» сыйлоо аземи, «Ак-Мөөр сулуусу — 2024″ сынагы, улуттук колориттеги кийимдерди тиккен этно-дизайнерлердин таймашынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар уюштурулат», — деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле фестиваль чоң программадагы гала-концерт менен коштолору кошумчаланган. Аталган этно долбоордун уюштуруучусу коомдук ишмер, белгилүү продюссер Дана Абдыбекова.

Билеттер: KASSIR.KG сайтында.
Байланыш тел:
0704 144 155
0707 099 000



