Маданият

«Жамийла» спектакли Астанадагы эл аралык фестивалда II орунду ээледи

Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын «Жамийла» спектакли Астана шаарында өткөн «ТеатрALL» эл аралык театр фестивалында II орунду ээледи.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, режиссёр Уланмырза Карыпбаев сахналаштырган спектакль «Мыкты актёрдук ансамбль» номинациясында II орунга татыктуу болуп, 800 миң теңге өлчөмүндөгү акчалай сыйлык менен сыйланды.

Быйыл фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан жалпы 16 спектакль катышып, көрүүчүлөргө аталган өлкөлөрдүн театр жамааттарынын чыгармачылык эмгектери тартууланды.

Тектеш кабарлар

Back to top button