Коом
«Салимбай байбачанын» ишин каржылык жардам берип жүргөн делип ЖКнын мурдагы депутаты Нургазы Айдаров изделүүдө

УКМКнын маалыматы боюнча, экс-депутат криминал дүйнөсүнүн өкүлү өзбекстандык Салимбай Абдувалиевдин (Салимбай байбача) мыйзамга каршы иштерин билип туруп, ага сый-урмат көрсөткөн.

Айдаровдун мындай сыйына жооп иретинде «Салимбай байбача» анын Өзбекстандагы ишкердигине колдоо көрсөтүп турган.
Нургазы Айдаровго Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен сыртынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, «Интерпол» бюросунун линиясы боюнча издөө жарыяланды.



