Коом
Ысык-Көлдөгү селден жабыркагандарга компенсация төлөнөт

Селден жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн мамлекет тарабынан компенсация төлөнүп берилет.
Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көлдөгү сел жүргөн айылдардын жашоочулары менен жолугушууда билдирди.
Ал компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмү комиссиянын чечимине жараша болорун белгилеген.
Мындан тышкары, Темир айылынын балдарына зарылдык жаралса онлайн билим берүү уюштурулуп, жергиликтүү тургундар үчүн жер салыгын жылдыруу каралганын кошумчалады.
Минкаб төрагасы тургундарды кыймылсыз мүлктү камсыздандырууга чакырды.
Жапаров жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, ӨКМге келтирилген зыянды баалоо жана келечекте ушундай жагдайларды болтурбоо боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгууну тапшырган.



