Коом

Билим берүү министрлиги мугалимди мазактагандарга айып пулду көбөйтүүнү сунуштады

Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. 

Мугалимди сөгүү, шылдыңдоо, кордоп тийишүү, адепсиз жаңсоолорду (белгилерди) же предметтерди көрсөтүү, анын ичинде ЖМК же телекоммуникация тармактары аркылуу билдирилген сыйлабагандыкты көрсөтүү үчүн 25 миң сом айып салуу сунушталууда. Азыркы айып пул 1000 сом. 

Эгерде бул жосундар 16 жашка чейинки окуучу тарабынан жасалса, ата-энесине же мыйзамдуу өкүлүнө эскертүү берилет. Эгерде эскертүү берилгенден кийин жыл ичинде кайталанса 30 миң сом айып салынат.

Министрликтин статистикасы боюнча, мугалимдердин 70%га жакыны мазактоого, сыйлабастыкка кабылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button