Коом

Бишкекте беш курулуш компаниянын объектилеринде иш токтотулду. Себеби

Бишкектеги курулуш компаниялары 29-апрелге чейин өз объекттерине атайын техниканын дөңгөлөктөрүн жууган пункттарды орнотууга милдеттендирилген.

Мэриядан билдиришкендей, буйрукту аткарбагындыгы үчүн беш компаниянын объектилеринде курулуш иши токтотулду.

— Буденный көчөсү, 164 дарегиндеги «Гарант Строй Инвест» ЖЧКсы;
— Кийизбаев көчөсү, 24 дарегиндеги «Эмаком” ЖЧКсы;
— Кара-Көл көчөсү, 1 дарегиндеги “О2 Development” ЖЧКсы;
— Ауэзов көчөсү, 5/2 дарегиндеги «МакроГрупп» ЖЧКсы;
-Скрябин көчөсү, 45А дарегиндеги «Аманат Групп Инвест» ЖЧКсы.

«Аманат Групп Инвест» ЖЧКсы атайын пунктарды орнотуу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Рейддик иш-чаралар улантылат. Буга чейин борбордогу курулуш компанияларына 61 жазма буйрук берилген”, — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button