Коом

“КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамын кимдер алганы белгилүү болду

Кыргызстандын социалдык-экономиалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалына кошкон салымы, кесиптик ишмердүүлүгүндө жогорку жетишкендиги үчүн жети адам “КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамына ээ болушту. Наам Кара-Калпак автономиялык облусунун түзүлгөнүнө 100 жылдыгына жана Эгемендүүлүк күнүнө карата берилген.

 Ошентип төмөнкү адамдар ардактуу наамга ээ болушту:

Азизов Закир – сүрөтчү, Түркиядагы жогорку окуу жайларынын башка башкармалыгы Иненю университетинин окутуучусу;

Дайырбеков Айбек Үсөнбекович – кинорежиссер, сценарист;

Итыгулов Төлөбек – Чүй облустук музыкалык мектеп-гимназиясынын мугалими;

Калбаев Абдымомун Ашыралиевич –  Жалал-Абад облустук “Акыйкат” гезитинин кабарчысы;

Момункулов Койчуман Казакович – Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Мамлекеттик китеп палатасынын директору;

Сейдалиева Калийпа Эрмековна – «Аспиет» продюсердик борбору» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;

Чытырбаев Бактыбек Жусупжанович – Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин салттуу музыка жана фольклор кафедрасынын окутуучусу.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button